www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев “МедиаХабга” маек берип, Ирандагы абалды, ал жактагы кыргыз жарандарынын жагдайы тууралуу айтты.
Анын айтымында учурда Иранда абдан татаал кырдаал өкүм сүрүүдө. Элчи мырза өз сөзүндө Иранда жүздөгөн жарандар жашаарын, бирок алардын канчасы чыгып кеткени, канчасы өлкө аймагында калганы боюнча так маалымат жоктугун билдирди.
"Негизинен бул жерде калгандар Ирандын жарандарына турмушка чыккан кыргызстандык орус, кыргыз кыздары. Консулдук каттоодо 12 киши турат. Алардын баарына кооптуу жагдай жаралып жатканда өлкөдөн чыгып кетүү боюнча экертүүлөр берилгендиктен, көпчүлүгү чыгып кетиши мүмкүн.
Элчиликке эки жараныбыз кайрылып, аларды Баку аркылуу чыгардык. Ким кайрыла турган болсо аларга көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Консулдугубуз күнү-түнү иштеп жатат. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз", - деп билдирди элчи.