www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык мунапыс уюму 14-октябрда билдиргендей, Ирандагы каршылык акцияларында 23 бала өлтүрүлгөн.
Уюм тараткан маалыматка караганда, 22 жаштагы Махса Амининин абакта каза болушуна байланыштуу тутанган ири толкундоолордо жалпысынан эки жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Он күндөн ашуун уланган каршылык акцияларында мерт кеткен балдардын арасында үч кыз, 20 эркек болгон. 11-17 жашка чейинки балдардын көбүн коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүшкөн, ал эми үч кыз менен бир баланы өлгүчө сабашкан.
БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) 10-октябрда Ирандагы "балдардын, өспүрүмдөрдүн кармалышы жана өлтүрүлүшү боюнча" кабарларга абдан тынчсызданып жатканын билдирди.
Иранда адеп-ахлак полициясы хиджабсыз жүргөнү үчүн 13-сентябрда кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Полиция анын жүрөгү кармап көз жумганын билдирген. Жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын айтып чыккан. Күбөлөр кызды полиция кармоо учурунда катуу сабаганын билдиришкен.
Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарында тутанып, полиция акциянын катышуучуларын күч менен таркатууга аракет кылган.
Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесишкен. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болду.
Булак: NazarNews.kg