www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Saudi Aramco компаниясы аймакка учкучсуз учак менен жасалган чабуулдан кийин Рас-Таннурадагы мунай иштетүүчү заводу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Белгилей кетсек, бул ишкана Сауд Аравиядагы эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири болуп саналат жана суткасына 550 миң баррель чийки мунайды кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Перс булуңунун жээгинде жайгашкан завод дүйшөмбү күнү эртең менен сактык чарасы катары токтотулган. Учурда Aramco компаниясы келтирилген чыгымды баалап жатат, ал эми объекттеги өрт чектөөгө алынды.

Мындан тышкары, дем алыш күндөрү Жакынкы Чыгышта согуштук аракеттердин башталышынан улам Лондондо мунайдын баасы дээрлик 10 пайызга кымбаттады.

Белгилей кетсек, АКШ менен Израил Иранга чабуул жасаса, Тегеран буга жооп катары аймактагы өлкөлөргө жүздөгөн ракеталарды жана дрондорду учурган.

Последние новости