www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Эбрахим Раиси Африканын бир катар өлкөлөрүнө алардын лидерлеринин чакыруусу менен барат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канани Чафи билдирди.
"Бүгүн (Иран президенти) бир катар мамлекеттердин лидерлеринин расмий чакыруусу менен Африка континентине барат. Иран менен Африка өлкөлөрүнүн стратегиялык көз карашы жана маданий жактан бирдиктүү экенин эске алуу менен. Бул сапарда кызматташуубузду кеңейте алабыз деп үмүттөнөбүз", - деди Насер Канани Чафи.
Сапардын жүрүшүндө президент үч өлкөгө: Кенияга, Зимбабвеге жана Угандага барат. Бул сапар Ислам Республикасы менен бул үч мамлекеттин ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкта бурулуш жасоого мүмкүнчүлүк берет.
"Африка - мүмкүнчүлүктөрдүн континенти. Акыркы бир нече жылда Африканын экономикасы өнүгүп, көптөгөн өлкөлөрдүн көңүлүн бурду. Иран Ислам Республикасы жана анын экономика жана технология жаатында мүмкүнчүлүктөрү бар", - деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.
Булак: NazarNews.kg