www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан калктын көйгөйлөрүн мүмкүн болгон бардык жолдор менен чечүүгө убада берип, ошондой эле Ислам Республикасындагы башаламандыктарды уюштурууда АКШ менен Израилди айыптады.

«Биз көйгөйлөрдү мүмкүн болгон бардык формада чечүүгө даярбыз… Бул — элдин тынчсызданууларын чечүү биздин милдетибиз. Бирок андан да жогорку милдет — козголоңчулардын коомду кыйратуусуна жол бербөө», — деди президент. Анын маегинен үзүндүнү Ирандын мамлекеттик телеканалы жарыялады.

Пезешкиандын айтымында, 2025-жылдын июнь айында Иран, Израиль жана АКШнын ортосунда болгон кагылышуудан кийин «душмандар» Ирандагы баш аламандыктарды ички жана тышкы күчтөр аркылуу күчөтүүгө аракет кылып жатышат.

Ал ошондой эле башаламандыкка катышкандар базарларды жана мечиттерди өрттөп, жайкын тургундарды өлтүрүп жатышканын билдирди.

«Бул нааразычылыкпы? Бул кандайча үнүн жеткирүү аракети? Муну кылып жаткандар бул өлкөнүн бөлүгү эмес. Өлкөнүн чыныгы жарандары нааразычылык билдиришет — биз болсо нааразычылыкты угуп жатабыз», — деп белгиледи президент.

Пезешкиандын айтымында, акыркы күндөрү болгон окуялар өкүнүч жаратат.

«АКШ менен Израиль аларга (Иран бийлигине каршы чыгып жаткандарга — ред.) көрсөтмө берип жатышат. Алар июнда биздин өлкөгө сокку ургандар. Азыр болсо: “Кыйраткыла, биз силер мененбиз”, — деп багыт берип жатышат», — деди ал.

10-январда 1979-жылы кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлеви X социалдык тармагында Иран элине кайрылуу менен жаңы видео жарыялаган. Ал билдирүүсүндө жалпы улуттук иш таштоого чакырып, нааразычылыктардын максаты стратегиялык маанидеги көчөлөрдү жана объектилерди басып алуу жана көзөмөлдөп туруу экенин айткан. Мындан мурда ал АКШнын президенти Дональд Трампты Ирандагы кырдаалга кийлигишүүгө чакырган.

Ошол эле күнү кечинде Трамп, эгерде нааразычылык акцияларында адамдар каза болсо, Иран бийлигин кесепеттер күтүп турганын эскертип, АКШ Иранга «жардам берүүгө» даяр экенин билдирген.

Ирандагы нааразычылыктар 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валюта — иран риалынын куну кескин түшкөндөн кийин башталган. Нааразычылыктардын негизги темасы валюта курсунун кескин өзгөрүшү жана анын дүң жана чекене бааларга тийгизген таасири болгон. Социалдык тармактарда Тегеран жана башка шаарлардагы нааразычылык акциялары тартылган видеолор жарыяланган. Бул кырдаалдын фонунда Ирандын Борбордук банкынын башчысы Мохаммад Фарзин кызматтан кетип, анын ордуна Абдольнасер Хеммати дайындалган.

Ирандын бир катар шаарларында нааразычылык акциялары полиция менен кагылышууларга айланып, башаламандыктар башталган. Коопсуздук күчтөрү тараптан да, нааразычылыкка чыккандар тараптан да курмандыктар болгону кабарланды.

Последние новости