www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде Израилдин коргонуу күчтөрү (IDF) Иранга кол салууга аракет кылса, жооп соккусу жөөт мамлекетинин эч нерсесин калтырбайт. Бул тууралуу Ислам Республикасынын президенти Ибрагим Раиси билдирди. 

"Эгерде [Израиль] ката кетирип, Ирандын аймагына кол салса, анда ал үчүн такыр башка шарттар пайда болот жана Израил режиминен эч нерсе калабы же жокпу белгисиз", - деп билдирди анын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, 19-апрелге караган түнү маалымат каражаттары Израилдин Ирандагы буталарга сокку урганын кабарлашкан. Айрым маалымат булактары Исфахан провинциясындагы жардыруулар тууралуу жазып чыгышкан. Абадан коргонуу күчтөрү ал жерде бир нече учкучсуз учактарды жок кылган имиш.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости