www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Эбрахим Раиси түшкөн тик учактын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттигине шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

“Раиси жекшемби күнү (19-майда) техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаган тик учактын кыйроосунан улам каза болгон”, — деп жазылган маалыматта.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болгонун тастыктады. Буга байланыштуу Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости