www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президентинин тажыясына Бакыт Төрөбаев катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарында Ирандын каза болгон президенти Эбрахим Раиси менен расмий коштошуу зыйнатына катышты.

Ал Кыргызстандын өлкө башчысынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан көңүл айтты.

Белгилей кетсек, коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистандын, Тажикстандын президенттери, Азербайжандын премьер-министри, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын спикерлери, Белоруссиянын Тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости