www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын ТИМи Израилге дагы катуу жооп болорун айтты

Израиль эгерде Ирандын чабуулуна жооп кыла турган болсо, Тегеран контрчараларды өткөн окуядагыдай 12 күндөн кийин эмес, секунда өткөрбөй жасайт. Бул туурасында Иран ТИМ башчысынын орун басары Али Багери Кяни билдиргенин РИА Новости жазды.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (куралдуу күчтөрдүн элиталык армиясы) 2024-жылдын 14-апрелине караган түнү Израилдин аймагына контрчабуул жасаган. Бул Тегерандын Израилдин учактары Сириядагы Иран консулдугун бомбалоосуна берген жообу болгон.

14-апрелдеги кол салуу ар кыл маалымат булактарына ылайык, ондон тарта жүзгө чейинки ракеталар жана пилотсуз учуучу аппараттар, анын ичинде Shahed камикадзе дрондору менен коштолгон. Кийинчерээк алардын арасында "Фаттах", "Фаттах-2" кубаттуу ракеталары болгону жана ал максатына жеткени айтылды.

"Синоисттер бул сапар 12 күнгө күтпөй турганыбызды билсин. Жоопту алар ошол замат алышат, күнгө, саатка созулбайт, секунда гана кетет", — деп Багери Кянинин айтканын алардын өкмөтү билдирген.

Ирандын тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчисинин орун басары Израиль алардын Дамаскидеги консулдугун бомбалап туура эмес кадам таштап алганын айткан. Муну менен Иранга согуштук жана коргонуу дараметин олуттуу сынап алууга мыйзамдуу негиз түзүп берди деген. Мындан улам министрдин орун басары эгерде израилдик жетекчиликтин акылы болсо катасын экинчи ирет кайталабастыгын, дагы баш көтөрсө көз ирмемде катаал жооп аларын дагы бир ирет эскерткен.

Израиль армиясынын маалыматы боюнча, Иран аларга каршы 300дөн ашуун пилотсуз учак менен ок-дары колдонгон. Анын ичинде 170ке чукул дрон, 30дан ашык канаттуу жана баллистикалык 120 ракета бар. Анткен менен Иран алардын аймагына "бир нече" ракета жеткенин, "чыгым көп деле болбогонун" айтууда.

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери Тегеран "Чындык убада" операциясын аяктагандыгын жана аны улантпай тургандыгын билдирген. Эгерде Израиль кандайдыр бир дагы башка чараларды көрө турган болсо, иран операциясы мурдагыдан катуу болоруна убада берген эле.

Израилдик министр Бени Ганц өлкө Иран кооптуулугуна каршы аймактык коалиция түзүү ниетинде экендигин жана чабуулга тиешелүү түрдө, тиешелүү саатта жооп кыларын билдирген. Агенттик Тегерандын мындан аркы кадамдарын жакында аныктай турганы күтүлүп жатканын кошумчалады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости