www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер АКШ жана Израилдин чабуулунан каза болгон жогорку лидер Али Хаменеинин милдеттерин ким аткарарын билдирди.
Анын айтымында, убактылуу мезгилде Жогорку лидердин милдеттерин президент, сот бийлигинин башчысы жана Ирандын конституциясынын коргоочулар кеңешинин бир мүчөсү биргелешип аткарат.
Бул тууралуу IRNA агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи 28-февраль таң эрте өз кеңсесинде АКШ менен Израиль тарабынан жасалган ракеталык чабуулдун натыйжасында каза болгон.
Лидердин өлүмүнө байланыштуу Иран өкмөтү өлкө боюнча 40 күндүк аза күтүү жарыялап, бир жуманы жумуш эмес күн деп жарыялады.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана армиясы өз билдирүүлөрүндө Хаменеинин өлүмү үчүн өч алууга убада беришти.
28-февраль эртең менен Израиль менен АКШ Иранга каршы биргелешкен аба соккуларын жасаган. Иран ага жооп кайтарып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алган.