www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан туура 20 жыл мурдагы Түркияда болгон жер титирөө ошол кездеги Өкмөттүн шайын кетирип, элдик толкундоолорго чейин өсүп жетилген эле. Натыйжада Режеп Тайып Эрдоган өкмөт башына келген. Тагдырдын сыноосу кайра кайталанганы кызык, бүгүнкү күндө ошол кырдаалды катуу сындаган Режеп Тайып Эрдоган өзү ошондой кырдаалды башынан кечирүүдө.
Соңку маалыматтарга караганда кырсык болгон аймактардагы мерт кеткен адамдардын саны 24 миңден ашып, ондогон миң адамдар ар кандай жаракаттарды алышкандыгы белгилүү.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда зилзала болгон аймакта 23 миллион адам жайгашып, анын 1.4 миллиону жаш балдар. Албетте мындай масштабдуу гуманитардык катастрофа Түрциянын социалдык-экономикалык ахыбалына өз таасирин тийгизбей койбойт. Анын үстүнө 14-май күнү белгиленген президенттик шайлоого да аз гана убакыт калды. Бул шайлоо Режеп Тайып Эрдогандын тагдырын башка нукка буруп жибериши мүмкүнбү?
Анткени, 1999-жылдагы жер титирөөнүн кесепетинен катуу сынга кабылган Өкмөттү оодарган элдин катуу толкуну Эрдоганды бийлик башына алып келген. Эми ошол толкун Эрдогандан жана аны колдогон бийлик партиясынан ушул жылдар аралыгында зилзаланын кесепеттерин жоюуда жана кийинки жер титирөөлөрдүн алдын-алууда кандай чараларды көрдүңөр эле деген олуттуу суроону коюшу мүмкүн. Бүгүнкүдөй көп адамдар өлгөн кырсыктын фонунда албетте Түркия президенти менен анын партиясы катуу тердеши күтүлүүдө. Учурда Режеп Тайып Эрдоган Түркия элине жалпы улуттук кайгынын тегерегинде баш кошуу чакырыгы менен чыгып жатат. Бирок, оппозиция да жөн калчудай эмес, эмитеден эле көптөгөн суроолорду жаадыра башташты.
Себеби, 14-майдагы президенттик шайлоо бир гана өлкөнүн ичиндеги гана эмес, жалпы геосаясатта Түркиянын ролун аныктаган шайлоолордон болуп калышы ыктымал. Эрдоган да бул кырдаалды жакшы түшүнөт. Анын пикирлеши бир коалициядагы саясатчы, Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели «азыр кереги жок полемикалардан алыс болуп, убакытты текке кетирбестен кырдаалды ыкчам жөнгө салуу» чакырыгы менен чыгууда.
Оппозициянын да жүйөөлөрү аргументтуу. Мындай ири катастрофаны алдын-алуу чаралары кандай жүргүзүлгөн, урандылардын алдынан жабыркагандарды ыкчам алып чыгууда куткаруучулардын иши кандай жолго коюлган деген сыяктуу көптөгөн суроолору бар. Өзүн кийинки президенттик шайлоодо татыктуулардын бири катары көргөн Оппозициялык Элдик республикалык партиясынын лидери Кемаль Кылычдароглу өзүнүн кайрылуусунда кырсыкты жеринде көрүп таң калганын жашырбайт:
-- «Кырдаалды мен жеринде көрдүм. Мен окуяны саясаттан тыш карай албайм жана азыркы жетекчилик менен макул эмесмин. Эрдоган менен эч кандай негизде сүйлөшө албайм жана анын сарайдагы пайда издеген бандасы менен келише албайм. Мен элим менен бирдикте күрөшөм!» - деп чыкты.
Буга чейин Батыш өлкөлөрүнө азуусун көрсөтүп келген Түркия президенти кырсыктан улам алардан келип жаткан ири гуманитардык жардамдардын фонунда мамилесин жумшартаары белгилүү, бирок кайсы убакытка чейин? НАТОго кирмекчи болуп жатышкан Швеция менен Финляндияга өрттөлгөн Куран китебинин айынан жолдомо бере албайм деп жаткан Эрдоган эми позициясын кандай өзгөртөт? Жер титирөөнүн кесепетинен бийликке жеткен Эрдоган эми жер титирөөдөн кийин кызматынан кол жууйбу? Ушундай кырдаалдан улам 2023-жылдын октябрь айында белгиленмекчи болуп жаткан Туркия Республикасынын 100 жылдыгын Туркия эли Режеп Тайып Эрдоган менен тособу же… ?
Кыскасы, суроолор көп. Окуядан озбой туралы…
Нур Байгазак журналист
Булак: NazarNews.kg