www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астананын Саламаттыкты сактоо департаменти «Ирина Кайратовна» тобунун концерти учурунда каза болгон 21 жаштагы мобилографтын өлүмү боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, 14-октябрда Жылкайдаров Шахназдын сөөгү соттук-медициналык экспертиза институтуна жеткирилген. Өлүмдүн алдын ала себеби — курч геморрагический панкреонекроз болушу мүмкүн.

«Өлүмдүн так себеби токсикологиялык изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот, бул эки жумага созулат»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстандын “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы буга чейин сахнада көз жумган. Окуя 14-октябрдын кечинде Астанада концерт башталар алдында болгон. 21 жаштагы мобилограф сахнадан эс-учун жоготуп кулап, каза болгон. Натыйжада иш-чара токтотулган.

Последние новости