www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республиканын эгемендүүлүк тарыхында алгач ирет ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каражаттар ирригациялык тармактарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 млрд сом бөлүндү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана башка керектүү продукцияларды сатып алуу үчүн каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле, үрөнчүлүк чарбаларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 млн 534 миң сом бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жогорудагы чаралар өлкөнүн агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости