www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Исхак Абсаматович, комитеттин жыйынында сиз өкмөттү жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе көтөрдүңүз. Ага кандай негиз бар?

-- Мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзам аткарылууга тийиш. Эгер ал аткарылбаса, жүйөлүү себептери болуш керек. Жүйөлүү себептери жокпу, анда аткаруу бийлиги жоопкерчилик тартышы зарыл. Менин жеке көз карашымда, өкмөттү жоопко тартканга толук негиз бар.

Акылбек Жапаров “иш аябай жакшы жүрүүдө, акчаны жумшай турган жер калбады” деп айтып атпайбы, мен андай акчаны көрө алган жокмун. Ошол эле учурда бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард сомду түздү. Биздеги жакшы жылыштардын көбү табигый түрдө болуп жатат.

Ал эми өкмөт аны өзүнүн ишинин натыйжасы катары көрсөтүүдө. Салыктын табияты ушундай, аны аз-аздан жыйнаш керек. Мен “салыкты азайткыла” деген жерим жок, бирок ылайыктуу кылыш керек да. “Кысып туруп, салыкты көбүрөөк төлөтүп, анан бюджетти көбөйттүк” деген... Андай чара быйыл жакшы натыйжа бериши мүмкүн, бирок кийинки жылы эмне болот? Ишканалар жабылып калсачы?..

-- Ошондо “өкмөт жоопкерчилик тартышы керек” дегенде отставканы айтып жатасызбы?

-- Өкмөт толук курамы менен отставкага кетиши керек. Жогорку Кеңеште бюджет маселеси талкууланганда мен ошондой сунуш бермекчимин. Бирок билип турам, ал сунушту кесиптештеримдин төрт-бешөө эле колдошу мүмкүн. Кандай болгон күндө да мен өз пикиримди айтам.

-- “Бюджет аткарылбай калды” деп эле өкмөттү кетире берген туура болобу?

-- Туура эле. Алар “аткарабыз” деп мойнуна алган. Ал мыйзамды биз иштеп чыккан жокпуз да, өкмөт өзү алып келген. Биз аны бекитип бердик. Ошон үчүн аткаруу бийлиги жоопкерчилик тартышы керек. Керим МУРАС Кош колдоо Дастан ЖУМАБЕКОВ, №20 Манас бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутаты: “Курултай жөнүндө конституциялык мыйзам иштелип чыгышы керек”.

-- Дастан Артисбекович, эртең элдик курултай өтөт. Кандай ойлойсуз, ал эл менен бийликтин ортосуна көпүрө боло алабы?

-- Угушубузга караганда, делегаттардын баары катталып бүтүптүр. “Аймактардан, айылдардан келе турган делегаттардын баары дайын болду” деп угуп атабыз. Мен ойлоп атам, жер-жерлерден келген делегаттар өздөрүнүн райондогу, айыл өкмөтүндөгү, айылдагы көйгөй маселелерди айтышат болуш керек. Мектеп, жол, таза суу, бала бакча сыяктуу маселелер көтөрүлөт. Президентибиз айтылган ой-сунуштардын баарын жазып алып, ошонун негизинде чечимдерди кабыл алат деген ойдомун.

-- Аймактагы көйгөйлөрдү сиздер (депутаттар) деле көтөрүп жатпайсыздарбы? Ошондой болгон соң курултай институтунун кереги бар беле?

-- Биз жаңы Конституцияны кабыл албадыкпы. Ошол Конституцияда “Элдик курултай” деп так жазылып калган. Анын алдында конституциялык мыйзам иштелип чыгышы керек эле, бирок ал жазылбай калды. Тагыраагы, жазылып, бирок Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралбай калды. Себеби, көп жагынан Жогорку Кеңештеги иш-чараларга окшош болуп калыптыр. Ошонун негизинде мыйзам долбоору артка кайтарылган. Мыйзам иштелип чыгышы керек.

Башмыйзамда “Элдик курултай” деп каралгандан кийин ал милдеттүү түрдө аткырылышы керек да. Бул – талап. Курултай өткөндөн кийин ал боюнча мыйзам иштелип чыгат деген ойдомун. Эл Конституцияга 80 пайыздан ашык добуш бербедиби. Балким, курултайды жактырып, ошон үчүн Конституцияны колдоп бергендир. Бул мыйзамдуу көрүнүш.

Булак: Азия News гезити

Последние новости