www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз саясатында жылдар өтсө да коомдук-саясий салмагын сактап келе жаткан саясатчылар саналуу. Ошолордун бири Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты – Исхак Масалиев.

Масалиевдин негизги саясий капиталы катары көп жылдык парламенттик тажрыйбасын айтсак болот. Ал Жогорку Кеңештин II, III, IV, VI жана VII чакырылыштарында депутат болуп иштеди. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматта да эмгектенип, юридикалык жана мамлекеттик башкаруу багытында тажрыйба топтогон.

Ушундан улам анын аты президенттик шайлоо жөнүндө коомдук талкууларда айтылып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Масалиев саясатта жаңы адам эмес, тажырыйбалуу мамлекеттик-коомдук ишмер. Анын артыкчылыгы – мамлекеттик башкарууну, парламенттин ички ишин жана мыйзам чыгаруу процессин жакшы билгендигинде.

Президенттик шайлоодо талапкердин саясий ресурсу бир гана финансылык мүмкүнчүлүккө барып такалбайт. Коом алдындагы таанымалдык, көп жылдык саясий таржымал, өз позициясын ачык айта билүү маанилүү фактор болуп саналат.

Эгер Масалиев президенттик жарышка катышса, шайлоочулар үчүн дагы бир тажрыйбалуу саясатчынын программасын салыштырып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул жерде кеп, кимдир бирөөнүн жеңиши же жеңилиши тууралуу алдын ала жыйынтык чыгарууда эмес. Масалиев президенттик шайлоодо коомдогу негизги маселелерди ачык талкуулай ала турган талапкер катары жандуу саясий атаандаштык жарата алат. Ал шайлоодо мамлекеттик башкаруу, парламенттин ролу, мыйзамдуулук жана бийлик институттарынын жоопкерчилиги тууралуу өз көз карашын кеңири сунуштоодон жалтактабай турган талапкерлердин бири десек жарашат.

Бүгүнкү кыргыз саясатында коомдук талкуунун өзөгүн, бийлик менен оппозициянын мамилеси, экономикалык өнүгүү, мыйзамдуулук жана мамлекеттик институттардын жоопкерчилиги сыяктуу маселелер түзөт. Мындай шартта көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчынын шайлоого катышуусу саясий пикирлердин спектрин кеңейтет. Исхак Масалиевдин потенциалын дал ушул ракурстан карап, баалоого болот.

Последние новости