www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин №73 тескемесинин негизинде Кадамжай районунун Исхак-Полотхан милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Исхак-Полотхан айыл аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде жана айылдарда алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралардын негизги максаты — укук бузуулардын, рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу болуп саналат. Аталган багытта мектептерде «мектеп рекети», коркутуу, зордук-зомбулук, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн атын жамынып кысым көрсөтүү, акча талап кылуу фактыларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө мектеп окуучуларынан жалпы 150 окуучу сурамжылоодон өткөрүлдү, анын ичинен 89 кыз бала жана 61 эркек бала. Ошондой эле айыл тургундарынын арасынан 48 жаран сурамжылоого алынды, алардын 17си аялдар, 31и эркектер.
Мындан тышкары, анонимдик анкеталар толтурулуп, жыйналыштардын жүрүшүндө суроо-жооп форматында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.