www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште Тынчтык Конушбаев деген депутат бар эмеспи. 2015-жылдагы шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен келген. Түбү Суусамырлык, ɵзү ири бизнесмен. «Байтур» деген коррпорацияны түптɵгɵн инсан катары калың журтка кеңири таанылган. Кийин мандат алып элиме кызмат кылам парламенттин босогосун аттаган эле.
Башкача айтканда «Байтур» мончонун «парынан», саясаттын «барына» келген. Келгенден бери тɵш кагып мактанганын кɵрɵ элекпиз. Атына заты жарашып, тынч эле, акырын ɵзүнүн ишин кылып жатат. Маал-маалы менен Суусамырлык жердештеринин маселесин кɵтɵрүп койгонун кɵрүп калабыз. Жар салып айтпастан эле кайрымдуулук иштерди да кɵп жасап жүргɵнүн билебиз дегендей. Акырын жүрүп Ала-Тоодой эмгек кылып аткан азаматтардын бири десек жаңылышпайбыз. 2020-жылдагы шайлоону утурлай Тынчтык Кадырбековичке «куда» түшүп, биздин партияга кошул деген дегендердин катары калыңдап атыптыр.
Бизнесте эле эмес, саясатта дагы салмак топтоп ийгилик жарата алган Конушбаев кайсы партияга кошулса дагы ишенимди актай алаары талашсыз, - дейт "Де-Факто" гезити.
Булак: NazarNews.kg