www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин чектен чыккан иштери болгонун билдирди.
Жапаров шаардагы имараттарды буздурууда кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.
Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу мүчүлүштүктөрү соңку бир айда аныкталып жатканын кошумчалады:
“Азыркы учурга чейин 700дөй үйдүн маселесин Жанарбек Акаев айтып жатат. Анын баарын ордуна келтиребиз. Ал эми бийликтин кемчилиги. Менин да кемчилигим десем болот. Ишенип мэр кылып койсом ушундай туура эмес иштерди жасаптыр”, - деди Жапаров.
Жеңишбек Токторбаев Ош шаарын 2025-жылдын январь айында дайындалган. Февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумушунан кол жуугандан сегиз күн өтпөй Токторбаев да мэрлик кызматтан бошотулгон.
Оштун мэри катары ал жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган “снос” деген өнөктүгү менен элдин эсинде калды. Президент Садыр Жапаров былтыр август айында Жеңишбек Токторбаевдин ишин мактап, жеке өзүнүн атынан унаа да белек кылган.
Токторбаев жумуштан кеткен соң бир катар жарандар үй-жай, имараттары мыйзамсыз бузулганын айтып келет. Экс-мэр буга чейин анын аракеттеринде мыйзам бузуу жок деп эсептерин билдирген.