www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Маскарапоз десе» деп чоң апаларыбыз урушуп калаар эле, айрым бир учурда тескери же былыктуу бирдемке кылып койсок. Көрсө анын мааниси терең экен. Мына, Абубакир Изибаев атындагы кыргыз циркинин 70 жаштагы Курмангазы Исанаев деген жетекчиси ызы-чуунун аркасы менен кызматтан алынганына бир топ убакыт өттү. Бирок, мажирөө министр Азамат Жамангулов бул орунга татыктуу талапкер таба албай кыйла убара болду. 21-январь күнү цирктин кызматкерлери митингге чыгышты. Баса, ызы-чуу башталганда Исанаев деген жетекчи кызматтан кетпестин айласы кылып ооруканага жатада калды. Айлакерлиги «покко» жарабасына көзү жеткенден кийин арызын жазып берди. Эң кызыгы ал арызын жазгандан
кийин эле көп өтпөй цирктин бухгалтериясынан өрт чыгыптыр деген маалымат тарады. Кызыгы өрт болоордун алдында бухгалтериядагы мебелдер коридорго чыгарылган экен. Мына шумдук! Бул деген «пландалган өрттөө» деп айтсак жаңылбайбыз.

Бул өрт менен Исанаев эмнени жапкысы келди? Же бухгалтериясындагы «махинациялардын» «изин» өрт менен өчүрдүбү? Бул боюнча сураганыбызда өрт болгонун же болбогонун тастыктай алышкан жок. Демек, баарын «дым-дым» кылыштыбы? Суроолор көп, жооп жок.

Айтмакчы, циркке директор кылып Фархад Бекмамбетовду бекитти. Бирок, цирктин жамааты али күнчө жумушка чыкпай, арыздарын жазып берип жабыла иштен кетебиз деп көгөрүп олтурушат.

Аныгында, Бекмамбетов маданият тармагын мыкты түшүнгөн кесипкөй адис, циркти Исанаевге салыштырмалуу мыкты денгээлге көтөрөт эле. Эгерде цирктин кызматкерлери жабыла кетсе, аларды кетирип туруп кайрадан жаңы жамаатты «нөлдөн» баштап түзүш керек, Фархад мырза!

Булак: "Де-Факто"

Последние новости