www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал району менен Кочкор районунун ортосундагы жолду оңдоо үчүн старт берилген тендердин «шапкасы» далай адамдын жакасын карматып, оозунан келмесин түшүргөнүн билебиз. Жең ичинен сүйлөшүп, 520 миң АКШ долларын пара катары алып жаткан жеринен Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган. Мунун чуусу менен министр өзү да кызматынан кол жууду.

Кызыгы, азыр айрым депутаттар ошол тендердин «терисин» ары-бери тартып, өткөн тендерди жокко чыгарып, тендерди кайра өткөрүш керек деп чамынып чыкты.
Аныгында жолду Ташмат жасайбы же Эшмат жасайбы элге айырмасы жок, болгону сапаттуу жолду эртерээк бүтүрүп, эл кызматына берсе деген тилек. Азыр Жумгалга кеткен жолду көрсөң ыйлагың гана келет. Жаңы жол качан бүтөт деп акыйган жумгалдыктар какшап айтып атып чарчашты.

Эгерде тиги «акылдуу» депутаттардын айтканы боюнча тендерди кайра өткөрсөк, бер жагы жарым, аркысы бир жылга созулаары турган иш. Элди жөндөн-жөн эле кыйнай беребизби? Андан көрө уткан компанияны тыкыр көзөмөлгө алып, сапаты менен стандарт жолду салып берүүсүн талап кылбайлыбы. Ал эми парага берилди деп ортодо кармалып турган 520 миң АКШ долларын Жумгалдын ички жолдорун оңдогонго жумшасак жаманбы? Ток этээрин айтканда, жол эртерээк оңдолушун талап кылабыз. Тендер маселеси менен элди кыйнабайлы...

Булак: "Де-Факто"

Последние новости