www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союздун убагы. Биздин мектепте атасы чабан болуп иштеген Жамал деген кыз бар эле. Бирок ал кыз чабандын кызы болгону менен сабакты абдан жакшы окуп, активист эле. Айткандай ата-энелери мал баккан окуучулар чынында эле сабакты көп калтырып анан начар окушчу эле. Ал эми Жамал такыр башкача кыз болчу. Сарайга жөө барып келип окуса да кабагым кашым дебей күлүп жайнап жүрчү.

Айткандай мектепте балдар жакшы окуган кыздарга кат жазып, жакшы көрүшөт эмеспи. Бул эми болуп келген жана боло берчү окуя.

Бир күнү мен Жамалды узатып коёрумду сурандым. Анткен менен ал мени жакшы көрчү, классташ катары. Себеби, мен башка балдардай болуп ага тийишчү эмес элем.

Жолдо карата экөөбүз көбүнчө сабак жөнүндө гана сүйлөштүк.

Бирок мен ага жакшы көрөрүмдү айта алган жокмун, жөн гана аны менен катар басып бара жатканыма кубандым. Эх, сулуу кыз менен бирге баскан кандай бакыт. Жамал экөөбүз анан кайсы китептерди окуганыбыз жөнүндө сүйлөшүп калдык. Сөз кызыуусуна кирип кетип, бир топ жолду басып өтүп коюптурбуз. Бир кезде алдыбыздан  атчан киши чыгып калганда экөөбүз жолдон чыгып,коңулга жашынып калдык. Ошондо, мен эбин келтирип акырын Айжамалдын бетинен өптүм, өпкөнүм курусун, ушунчалык кайра уялып анын бетин карай албайм десең. Качан атчан тушубуздан өтүп кеткенде гана жашынган жерибизден чыктык. Жамал мага таарынып калды көрүнөт, акырын гана:

-Эми мындан ары кете бер, өзүм эле кетем!-деп айтты. Мен катуу өкүндүм. Анткени аны кайдан дагы өбө койдум эле. Бирок, ал дагы мени жакшы көрөрүн билем, билген менен ал дагы намыстанып калды да.

Эртеси жанына жакын келип учурашкан соң:

-Жамал, мени кечирип койчу-десем, ал мени жагымдуу көз караш менен карап:

-Макул, бирок мындан кийин антпей жүрчү-деди. Ушул эле сөз керек белем, мен дароо башымды ийкеп жооп берип, бирөө оор жүктү мойнумдан алып салгандай эле болдум. Эх, балалык кез. Ал кезде азыркыдай телефон болгондо анда “СМС” жазып эле кечирим сурап койбойт белем.

Билинбей убакыт өтүп, тогузунчу класс болуп калган кез. Бир күнү кой кесүү кайтарып, сабакка барбай калып кечинде тоо жактан келе жатсам мен берилип жакшы көргөн классташым Жамал аскерден келген чоң бала менен сүйлөшүп келе жатканын көрүп, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Алардын жанынан атайын ат менен бастырып өтүп бара жатсам Жамал көз карашы менен билгизди “сен али жашсың, мен өз теңимди таап алдым” деген сөздү. Көрсө кыздар өзү теңдүү балдар менен эмес, улуу балдар менен тез тил табышат белем. Балдар чүкө ойноп жүргөн кезде, кыздардын сезими эчак ойгонуп,  чоң балдар менен сүйлөшүп калат тура.

Кийин мен аскерден келген кезде Жамал эки балалуу болуп калыптыр. Негизи эле кыздар ошол кезде турмушка эрте чыгып, турмуштун жүгүн эрте артынып, балага эне болууга ашыкчу беле билбейм. Бирок азыр такыр башка заман. Ал кезде он жетиге чыгып, мектепти аяктаганда эле аскерден келген балдар ала качып кетишчү эле го. Айткандай азыр Жамал эчак чоң апа болуп, балпайган аял болгон. Бир жолу бетинен өөп коюп, кечирим сураганымды эскерип экөөбүз тең күлүп калабыз. Көрсө ал кезде бала экенбиз да. Жамал, кийин айтып өкүнүп калды:

-Кап, мен да сени жакшы көрчүмүн, бирок аскерден келген Айбектин көңүлүн кыя албай койдум. Мына эми ага да тийген жокмун, такыр башка адамдын жары болдум деп айткан. Бирок, эмне болгон күндө дагы буйруктан качып кутула албайт экенбиз да деп тим болдук.

Боронбек Толукбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости