www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Кыргызстан момун мусулмандары! Улуу Рамазан айындагы кармаган Орозоңуздар кабыл болсун.

Ыйык Рамазан айындагы Орозо – чыныгы, ыкластуу, улуу жана жалпы бир шүгүрчүлүктүн ачкычы.

Ушул ыйык Рамазан айында Орозонун Аллах Тааланын ааламды башкаруусуна, инсандын коомдук жана жекече жашоосуна, напсисинин тарбиялануусуна жана да Аллахтын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылган көптөгөн терең сырларды түшүнөбүз.

Андыктан 30 күн кармаган Орозоңуздар кабыл болуп, тилегиңиздер орундасын, баарыңыздарды жакшылык жандап жүрсүн, телегейиңиздер тегиз болуп, жан дүйнөңүздөр эч качан оорубасын!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Рамазан айынын аякташы жана Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Кылым карыткан кыргыз элибизге ынтымак, көз жоосун алган жерибизде тынчтык, элибизде токчулук болсун. Аллахым баарыңыздардын даражаңыздарды бийик кылып, кыргыз элинин ар бир үйүнө береке берип, кубаныч тартууласын! Кыргыз элибизди Кудай айттырбай келген апааттан, бөөдө кырсыктан сактап, мамлекетибиз өнүгүп өссүн! Бири-бирибизди урматтап, сыйлап ынтымакка чакырган Рамазан айынын аягында келген Айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын.

Айтыңыздар маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен Искендер Матраимов

Последние новости