www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Искендер Исмаилович, укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, парламенттин төрт депутатынын дипломунун нукуралыгына шек туулуп жатыптыр. Сиз буга кандай түшүндүрмө берер элеңиз?

- Биринчиден, мамлекеттик кызматта иштеген ар бир жарандын дипломун текшерип чыккыла» деп тапшырма берилди да. Тийешелүү органдар текшерип жатат. Алдын ала ар кандай маалымат айтылышы мүмкүн. Бирок, акырына чейин терең изилдеп, бүт документтерин текшерип чыккандан кийин алардын саны балким азаяр.

Мисалы, кээ бирөө бир нерсесин унутуп калгандыр. Окууну Россиядан, башка союздук республикалардан бүткөндөр бар. Ошонун жыйынтыгы менен үч диплом жасалма деп айтса керек. Текшерген орган тийиштүү документтерин сурап, алар болсо алып келип жатат.

Биз көбүнчө алдын ала эле чечим чыгарап алабыз. Жыйынтыкты бүткөндөн кийин, расмий түрдө айтылгандан соң чыгарыш керек. Ар бир изилдөөнүн артында бир инсандын тагдыры, аброю жатат.

- Сиз өзүңүз кайсы окуу жайды бүттүңүз эле?

- Меникин керек болсо жүз жолу текшергиле. Буга чейин да текшеришкен. Мен 1978-жылы мектепти мактоо баракчасы менен кийин кийин Жалал-Абаддагы зооветтехникумга тапшыргам. Ал жерди дагы артыкчылык менен бүтүп, Скрябин атындагы айыл чарба институтуна киргем. Кийин билимимди өркүндүңөтүү үчүн Ж.Баласагын атындагы университеттин юридикалык факультетинин Оштогу филиалын бүтүргөм.

- Группалаштарынызды тааныйсызбы?

- Кантип тааныбайын, айланайын! Кааласаңар эртең сүрөттөрдү алып келип берейин. Өзүн сыйлаган адам биринчи билим алып, билимдүү болгондон кийин гана мамлекеттик кызматка кириши керек. Менин мамлекеттик кызматка келгениме Кудай кааласа быйыл 40 жылдын жүзү болуп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости