www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өлкөнү өнүктүрүш үчүн өзүбүз биригип, ынтымакка келишибиз керек», - дейт экс-депутат Исхак Масалиев.
Анын айтымында, кыргыздар азыркы учурда бир бүтүн эл катары калыптана элек.
«Мен өзүм 20 жылдан бери саясатта жүрөм. Акыркы жылдары саясаттагы абал өтө оорлошуп кетти. Саясатка эрежени сактабаган адамдарды аралаштырып жатабыз. Бул - өтө коркунучтуу.
Алдыдагы 10-январдагы шайлоо Кыргызстанда акыркы эмес. Мындан кийинки жалдарды дагы шайлоо менен өткөрөбүз.
Кыргыздар кайсыл жерге барбасын, кандай гана темада баарлашпасын эки мүнөттөн кийин саясатка өтүп кетет. Мурда ойлочумун, кыргыздар өтө активдүү экенбиз деп. Көрсө, кыла турган жумушубуз, ойлой турган келечегибиз жок экен. Алган пенсия, жөлөк пул турмуш-тиричилигибизге жетпейт. Ошондогу кыжырыбызды саясаттан чыгарабыз.
Дагы белгилей кетчү жагдай, биз эл катары калыптана элекбиз. «Ноокаттын эли, Ыссык-Көлдүн эли, Таластын эли» деп өз ара бөлүнүп келебиз. Өлкөнү өнүктүрүш үчүн өзүбүз биригип, ынтымакка келишибиз керек.
Буга далил катары айтсам, азыркы президенттик кызматка ат салышып жаткан талапкерлер. Алардын бири-бирин сындашы калыптуу көрүнүш, бирок, чектен ашпаш керек. Канткен менен, алар эл башкарам деп камданып жаткан кишилер. Тескерисинче, элди ынтыкмакка, биригүүгө, калыстыкка үндөй тургандар», - дейт коомдук ишмер.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Исхак Масалиев 2020-жылдын 21-майында мандатын тапшыраарын парламенттин жыйынында айткан.
Анда саясий ишмер депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууга себеп катары:
«Төрт жолу депутат болуп шайландым, бирок он беш жылда да мыйзамды тоготпой, четке кагып койгон учур болгон эмес», - деген жүйө келтирген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg