www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет айдыңында Кытайдын Цзянси провинциясындагы китепканада "иштеген" роботтор кайым айтышты деген видео тарады. Ал эми маалыматтар жергиликтүү порталга жайгаштырылган.
Бир катар интернет колдонуучулар жасалма интеллектиге ишенбей, анын ичине киши отуруп алгандай сезим калтырат деген пикирлерин жазган.
Роликтен эки робот-ассистентти көрүүгө болот. Ал жакка келгендер күлкү чакырган бул диалогду жазып алып, интернетке таратып жиберишкен. Цзянси провинциясынын Нанчан шаарындагы темир китепканачылардын аттары Туту жана Ванбао экени белгилүү болду. Маалыматка караганда, алар китепканага келгендерге тиешелүү адабияттарды таап берип, көмөктөшөт.
Китепканадан алардын "кайым айтышуусу" эмнеден чыгып кеткендигин түшүндүрүп беришкен. Кайрылган окурманга алардын бири тиешелүү китебин таап берүүсү керек болгон. Ал роботтордун биринин QR-кодун сканерден өткөрө баштаганда, экинчиси "уруштун сөзүн сүйлөй баштаган". Ошентип, алар айтышып кеткен деп жазылган маалыматта.
Анткен менен робот Ванбао элдешкенге кадам таштаган:
— Күнөөмдү мойнума алам, Туту, мындан ары урушпайлычы!
— Маанайың дайыма эле өзгөрө берет!
— Кайра баштадыңбы, мен элдешип жатам го, а сен жинденесиң.
— Макул, анда сени кечирдим!
— Бүттү, кечир. Жакшы тур.
Ал эми видеодон диалогду уккандардын күлүп жатканын угууга болот.
Аны менен эле экөөнүн талашы бүтүп калган эмес.
— Эми мага таарынып жатасыңбы. Бурулуп мени карасаң, — деген Туту.
— Эч качан.
— Мейли, болуптур.
Ошентип, эки роботтун кайым айтышуусу аяктаган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg