www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабактан 1184 адамдын сөөгү табылды

 

Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын мамлекеттик Өзгөчө кырдаалдар кызматы издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты.  

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин жыйынтыгында, 2021-жылдын 4-январына карата жалпы жарандардын сөөктөрүн кошкондо 1184 адамдын сөөгү табылган.

3-январда 20 адамдын сөөгү табылган, кечээ, 4 – январда 9 адамдын сөөгү табылды анын үчөө жөнөкөй жарандар (эки аял, бир эркек).

Өткөн жылдын сентябрында Тоолуу Карабахта кайрадан согуш аракеттери башталган, бул узак мөөнөттүү жаңжалдын уландысы болуп, карапайым калк арасында жоготууларга алып келген. Тараптар элдешүү келишимин түзүүгө бир нече жолу аракет кылышкан, бирок 9-ноябрдан 10-ноябрга караган түнү жетишилген үч тараптуу келишим ийгиликтүү болуп согуш токтотулган. Москванын ортомчулугу менен Азербайжан менен Армения ок атышууну толугу менен токтотууга жана туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн алмаштырууга макулдашышкан. Ереван ошондой эле Келбажар, Лачин жана Агдам райондорун Бакуга өткөрүп берди. Мындан тышкары, россиялык бейпилдик күчтөрү аймакты көзөмөлдөп турушат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости