www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда Ислам шериктештиги оюндарында 57 килограм салмактагы кыргызстандык эркин күрөштөн балбан Алмаз Сманбеков күмүш медал алды.
Дене тарбия жана спорт департаментигин билдиришинче, ал бул оюндарда Азербайжан, Сенегал жана Тажикстандан келген балбандарды утту. Финалда өзбекстандык спортчу менен мелдешкенде жарым финалда алган жараатынан улам күрөштү уланта алган жок.
Сманбеков апрель айында Монголиядагы Азия чемпионатында коло байге уткан. Февраль айында ал Түркиянын Стамбул шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медал алган.
Түркиянын Конья шаарында 9-августта V Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.
Анда Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.
V Ислам шериктештиги оюндары быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Ага 56 мамлекеттен 4 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн таймашышат. Мелдештер 18-августка чейин уланат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн катышууда.
Кыргызстандык спортчулар бул мелдешке 2005-жылы алгачкы жолу катышып, ал кезде 8 байге уткан. Иран жана Индонезияда өткөн экинчи жана үчүнчү оюндарга катышкан эмес.
Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы жалпы 17 медал утуп, 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирген.
Булак: NazarNews.kg