www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исламабаддагы Иран менен АКШнын жогорку расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу 40 жылдан берки эң маанилүү дипломатиялык кездешүү катары бааланууда.
Америкалык делегацияны вице-президент Жей Ди Вэнс, атайын чабарман Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйө баласы Жаред Кушнер баштап барары күтүлүүдө.
Бирок согушту токтотуу аракетине арачы түшкөн Пакистандын бийлиги Исламабадда эки күндүк эс алуу жарыялады. Адатта мындай чара коопсуздук себептеринен улам жогорку деңгээлдеги иш-чаралар маалында көрүлөт.
Кездешүүлөр өтчү «Серена» мейманканасынын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полициянын, куралчан бөлүктөрдүн, армиянын 10 миңден көп кызматкери жайгаштырылды.