www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исламды жээриген бир доор өткөн

Биз бала кезде айылдарда мечит деген болгон эмес. Орозо жана Курман айттарда айылдагы аксакалдар чогулушуп, дөңгө келип куран окушар эле. Дөңдү биз «Тоо» айтчубуз, көк тиреген бийик тоодой көрүнчү. Бала кезден «тоо» деп айтып көнүп калганбыз, биздин үйдүн жанында эле. Атам айт күндөрү «тоого» куран окуганы келишкен аксакалдардын барын үйгө чакырып, бир койдун этин бүтүн салып, баталарын ала турган. Ал кезде ашып кетсе эки бөлмө толо турган эле, орозо камагандардын саны. Андан соң аксакалдар айттап бөлүнүп кетсе керек.

Айылда мечит жок болгондуктан жума күнү аксакалдар чогулуп алышып энектерин минишип, райондун борбору Кочкорго мечитке жума намазга барышар эле. Анда эски мечитке барышса керек. Ушундай бир учурда Момуш аксакал Теңдиктин абышкалары менен отуруп калат.Аңгыча, Усубалы аксакал эшегин минип келди дейт. Эшегин байлап ары жакта эл менен кобурашып калыптыр. Бер жакта отурган аксакалдар аны өздөрүнчө эрмектей баштаптыр.Ошол жерде турган аксакалдардын бири: «Менин уулум падыша болсо, мен мечитке чайка минип келмекмин” –дейт. Дагы бири: : «Менин уулум падыша болсо, мен мечитке самолет минип келмекмин” дейт. «Менин уулум падыша болсо, мен мечитке ракета минип келмекмин”-дептир дагы бирөө. Ошентип отуруп Мокеме кезек келет.

«Менин балам падыша болсо, ушул ичи таарып көрө албай турган абышкаларды, кезек менен бирден минип келмекмин» дептир Момуш аксакал. 

Андан мурунку замандарда тойду качан өткөзүү жагын да Эсенбай сыяктуу эсепчилерден сурап тактап алышкан. Тогоол – үркөрдүн ай менен тоголушун, айдын анык кайсы ай экенин билмекке колдонушкан. Ата-бабаларыбыз Үркөр топ жылдызынын көзгө көрүнгөн кээ бир белгилерине өзгөчө маани берип келишкен, "урпактар унутпасын, тогоол күнү жагымсыз, ашуу ашпайт, ууга чыкпайт, той-томолок өткөрбөйт, деги эле жандуунун бардыгына жагымсыз үч күн созулат" дешкен. Тогоол күндөргө көңүл буруусунун бирден бир себеби, тогоол күндөрү сөзсүз түрдө аба ырайы өзгөргөн. Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошуусу Жерге, көчмөн турмушта жашаган кыргыздарга да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан, тогоол күндөрү көчүп-конуу, жайыт которуу, жол жүрүү иштери токтотулуп, тогоолдун өтүшүн күтүшкөн. Тогоол күндүн алдында малын толукташып, тогоол күн өткөнчө малына сак болушкан. Тогуз тогоолдон баштап кийиктердин аты кошулбайт. Бул айда куут аяктагандыктан, ай аттары тогоолго жараша, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы деп айтылат. Октябрдын башында Ай жаңыргандан үч күндөн кийин Үркөргө тогошуу (тогоол) болгондуктан, бул ай тогуздун айы аталат. Бул айдын аягында Үркөр батып кетет. Кийинки тогоол Ай жаңырган күнгө туш келип, Ай-Үркөр жылынын 13-айы жетинин айы деп аталат. Бул кубулуш күндүзү болгондуктан, көрүнбөйт. Муну, кыргыз жыл санакчылары эсептөө жолу менен аныкташкан.

Кыргыз эң байыркы замандан бирөөгө ызааттап мал берсе, кудалыкка мал алып барса, тартуу берсе, тогуздап барган. Мисалы: 9 атка байге саюу, ханга тогуздап тартуу менен баруу (хан тартуусу тогуз деген макал) жана аялдардын элечегин тогуз кабат, же жети кабат кылып оронуу, ошол адат боюнча бул айды тогуздун айы десе керек. "Тогуздун айында белдик чечилет" деген сөздө, кой кууту күздүн аягында баштала тургандыгы жөнүндө айтылат. Көчмөн кыргыздар кой туутун ызгаардуу кышта эмес, жазында өткөрүш үчүн кочкорлорго белдик тартып коюшкан. Октябрдын аягы, ноябрдын башында белдикти чечип, куутту башташкан. 

Азыркы заманда аба ырайын алдын-ала так биле турган метеорологиялык аспаптардан улам, бир жума алдыда боло турган аба-ырайы тууралуу маалыматтарды билсе болот. Байыркы кыргыз элинде аба ырайын так биле турган аспаптар болгон эмес. Ошондуктан, жылдыздарды карап келе жаткан аба-ырайын билүүгө умтулушкан эсепчилер болгон. Ошолордун бири Эсенбай эсепчи тууралуу сөз кыла кетели. Азыркы мезгилде кыргыз элинде аба-ырайын алдын-ала билгени менен кыш жана жай чилдеси жана башка эспчилерге тиешелүү байкоолор аңыз болуп айтылып келатат. Ал эмес кыргыз эсепчилерин ЮНЕСКОнун тарыхий баалуулуктар мурасына кийирүү үчүн демилге көтөргөндөр бар.

Адам баласы жаралгандан тартып эле өз жашоо-турмушун табияттын шарттарына ылайык жөнгө салууга аракеттенип келген. Бир жыл ичинде жаңыланып турган өзгөчөлүктөргө жараша даярдык көрүп, кийинки жыл үчүн турмуш-тиричилигин пландаштырышкан. Жашаган аймактарындагы тоолордун, дарыялардын, көлдөрдүн, түздүк-өрөөндөрдүн жана түрдүү өсүмдүктөрдүн бар же жок болушу, адамдарды ошол географиялык чөйрөгө ыңгайлашып жашоого, кайсы мезгилде кандай айбанга аңчылык кылууну, кандай өсүмдүктөрдү тамак-аш катары пайдаланууну, кайсы мезгилде кайсы жерге көчүүгө боло тургандыгын билүүгө, өздөштүрүүгө түрткү берген. Буларды билүү менен жыл мезгилдерин туура аныктоо көчмөн элдердин өз жашоосун улантуусуна көмөкчү болгон.

Ошондой эле сууктун түшүшү, кардын эриши, өсүмдүктөрдүн гүлдөшү сыяктуу табигый кубулуштардын жылдын белгилүү бир мезгилинде болушу, айбандардын жыл ичинде белгилүү бир убакта төлдөшү – адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, календарды жаратууда маанилүү белги катары кызмат кылган. Жылдыздардын, күн жана айдын белгилүү бир мезгилдеги абалы, тигил же бул натыйжаларга алып келээри жөнүндөгү тажрыйба-билимдери абдан пайдалуу болгон. Мына ушулардын арасында өзүнөн башка да бир күчтүн бар экендигин, бул ааламда жалгыз эмес экендигин адам баласы түшүнө баштаган.

Натыйжада аларда ишеним, ынаным пайда болуп, ошого жараша жашоодогу жаңы жүрүм-турумдар, өз ара мамилелердин үлгү өрнөктөрү калыптана баштаган. Ал күчтү баалап, таазим кылуу максатында ага арнап курмандык чалышкан. Октябрь айынын 15 жарыгы «акрап маалы», 15 караңгысы «кабыс маалы» аталат. Жетинин айы он үч жаңысынан тогойт.

«Эсенбай эсепчи» китебинен

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости