www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада ат чабыш боюнча «Тайтору кубогу» өтөт

15-апрель күнү Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) кыска аралыкка ат чабыш боюнча «Тайтору кубогу» өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, аргымактар 1200, 1600, 1800, 1400, 2000 метр аралыкка чабылат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, акчалай сыйлык жана медалдар тапшырылат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана «Аргымак» федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости