www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 31-март күнү 14 жаштагы М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

“13-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 17 куткаруучу, беш милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Бирок, натыйжа болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден белгилешкендей, издөө иштери баланын ата-энесинин макулдугу менен токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости