www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жантаев Элчибек Нуржадыевич президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Жаңыдан кызматка дайындалган Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору болуп иштеп жаткан. Андан мурун Ысык-Көл облусунун башчысы, Түп районунун акими кызматтарын аркалаган.

Ал 1973-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында туулган.

Билими:

"Бухгалтердик эсеп, анализ жана ички аудит" кесиби боюнча жогорку билимдин ээси.

Эмгек жолу:

2002-2003 — Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн статист-экономисти;

2003-2009 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

2009-2012 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;

2013-2014 — Айылдык кеңештин төрагасы;

2014-жыл — 08.02.2018 — Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары;

2018-жыл, февраль — Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.

2020-жыл, июль — өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.

2020-жыл, ноябрь — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2021-жыл, май-ноябрь — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору;

2021-2023 — Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору;

2023-жыл, апрель — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Белгилей кетсек, облустун буга чейинки башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду. Буга алардын функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости