www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки жарым жылдан бери кимде-ким акча төгүп жаткан болсо, бир тыйыны коробой түздөн-түз республикалык казынага келип түшүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анда журналист мыйзамсыз иштерге айыпталгандарды мамлекеттин казынасына каражат төктүрүү активдүү башталганын белгилеп, өлкө башчыга бул багыттагы иштерден жалпы канча каражат түшкөнүн жана алар кайсыл жакка жумшалып жатканын сурады.
“Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз. Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде, өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, баарын ачып берели десек кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле "кустурузация" маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, "кусундулардын" баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт”, -деди өлкө башчы.
Булак: NazarNews.kg