www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Бекназаров 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Руслан Бекназаровго козголгон кылмыш иши каралып жатат.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Бекназаровду КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» жана «Террористтик аракеттерге ачык чакыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таанууну суранды.

Бир берене боюнча прокурор айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыратууну суранды. Дагы бир айып боюнча эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотуу керектиги белгиленди.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-сентябрында Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен иш козголгон.

Ал эми, 2-ноябрда ал үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости