www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын Бали аралындагы Денпасар шаарындагы иммиграция полициясы ыйык эвкалипт дарагынын фонунда жылаңач сүрөткө түшкөн Луиза аттуу орусиялык туристти кармады.

Иммиграция полициясынын кызматкери Икал Рифаи 13-апрель күнү журналисттерге сүйлөп жатып камакка алынганын тастыктады. Ал окуянын чоо-жайы менен бөлүшпөй, кийинчерээк айтууга убада берди.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында Балидеги Каю Путих дарагынын алдында жылаңач туристтин сүрөткө түшкөн сүрөтү пайда болгон. Бул жер жергиликтүүлөр үчүн ыйык деп эсептелинет.

Жергиликтүү Бабакан храмынын ректору Курна Вижайдын айтымында, чуулгандуу качан тартылганын билбейт. Ал кошумчалагандай, былтыркы ушул эле окуядан кийин чет элдик туристтерге көзөмөл күчөтүлүп, Бабакан храмы жана анын тегерегиндеги эвкалипттин аймагында туристтер үчүн түшүндүрмөлөр англис жана орус тилдеринде жазылган белгилер орнотулган.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

 

Последние новости