www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык класстагы спорттун чебери катары үзүрлүү эмгектенип келе жаткан бул машыктыруучу буга чейин бири нече шакирттерди даярдап, алар жаштар арасында өткөрүлгөн олимпиадаларда  Кыргызстандын желегин желбиреткендигин маектин башында баса белгилеп кетмекчибиз. Исламидин мырза менен маектешкенибизде бул жаатта ачык-айкын төмөедөгүдөй маалыматтарды берди. 

--Мен спорт тармагына жаш кезимден эле аралашып, тактап айтканда мектепте 2-класста окуп жүргөндө эле машыкчумун. Мектепти бүткөндөн кийин Дене тарбия институтуна тапшырып, окууну бүткөндөн кийин грек-рим күрөшү боюнча курама команданын катарында жүрдүм. Спорттун башка түрү менен эч алек болбостон ушул багыт боюнча эле келе жатам. Алла Таалам бешенеме ушуну жазган окшойт. Жалал-Абад шаарында 2008-жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп келе жатам. Эмгегимдин үзүрүн көрүп Эмгек сиӊирген машыктыруучу болдум. 2010-жылы мамлекетибиздин эӊ мыкты машыктыруучусу болгондо ошол кездеги президент Роза Отунбаева өзү куттуктаган эле. 

“Дүйнөлүк чемпионатка катышуу мурда абдан оор эле...”

--Бардык эле спортчулардын  максаты-олимпиадага барып катышып 1-орунду багындыруу эмеспи. Мен өзүм грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери болгон деӊгээлге чейин жетиштим. Дүйнөлүк чемпионатка катышуумурда  абдан оор эле. Биз даяр болгон учурда Өкмөттө акча каражаты жок болуп калчу. Азыркы кездегидей бардык команда барчу эмес. Бир жылда бир гана жолу олимпиадага даярдык көрүү үчүн Көлгө сборго барчубуз. Бирок кыйынчылыктарга карабай Польша мамлекетинде 35 жаштан жогорку спротчулардын арасында өткөрүлгөн чемпионатта өлкөбүздүн намысын коргоп 3-орунга ээ болуп келгем. Учурда өзүбүз жетпей калган максаттарыбызга шакирттерибизди жеткирүү үчүн алардын жаман жолго түшүп кетпешине бардык күчүбүздү сарптап жатабыз. Мурда биз менен чогуу жүрүп, кийин башка тармакка кетишкен спортчулар менен жолукканда “Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча спортчуларын кантип дүйнөлүк деӊгээлге жеткиребиз?” деп пикир алышабыз. Эми ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү жеке иштерибиз болсо дагы убактыбыздын көпчүлүгүн шакирттерибизге бөлөбүз. Биз муну менен эле чектелип калбастан Кыргызстанда спорт жагынан өсүп келе жаткан чыгаан жигиттер болсо аларга жардам бергенге аракет кылабыз. 

"Казактар бизди “жылаӊач баатырлар” дешет экен” 

Тарыхка кайрыла турган болсок грек-рим күрөшү 1957-жылы Кыргыз спортуна кирген экен. Эми ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин грек-рим күрөшү боюнча чоӊдордун арасында баш байгеге ээ болгон дүйнөлүк чемпионубуз жок. Негизи эле дүйнөлүк чемпионатка катышкан өлкөлөр өзүнүн экономикасынын, геосаясатынын күчтүүлүгүн, маданиятынын бийиктигин спортчулар аркылуу көрсөтөт. Алыс барбай эле коӊшу казактар тууралуу айта турган болсом, алар бизди “жылаӊач баатырлар” дешет экен. Бирок ошого карабай биздин жаш спортчулардын көрсөткүчү аларга салыштырмалуу жогору болуп жатат. Ошон үчүн казактардын грек-рим  күрөшү боюнча Давлет Турлыханов сыяктуу белгилүү машыктыруучулары биздин спортчуларыбыздын жараткан ийгиликтерине дайым кызыгып турушат. 

“Бизде допингди көзөмөлдөй турган аппарат да жок!”

--Эми мурдагыга караганда мамлекет спортчуларыбызга көӊүл бурганга жакшы эле аракет кылып жаткансыйт. Бирок дагы деле чечилбеген көйгөйлөр көп. Бүгүнкү күндө биздин спортчуларыбыздын күнүмдүк тамак-ашына болгону 109 сом гана бөлүнүп жатат. Ал эми бул сумма менен бир күндө бир спортчуну бага албайсыӊ да. Ошондуктан бул көйгөйдү чечишибиз керек. Сыртка чыкканда болсо демөөрчүлөрдү табабыз. Мындан тышкары өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттен жардам сурайбыз. Демөөрчү болсо бир-эки жолу гана жардам берет экен. Андыктан мындай маселени Өкмөт гана чечиши керек. Медицина жагынан аксап жатабыз. Допингди көзөмөлдөй турган аппарат да жок. Биздин спортчуларыбыз сырт жакка чыкканда бир сыйра текшерүүдөн өтүшү керек. Бизде спорт тармагы боюнча бир эле адис бар. Баардыгына ошол адис эптеп жетишип жатат. А биз спортчуларга керектүү витаминдерди, медикаменттерди дайыма беришибиз зарыл. Спортчуларды керектүү учурда көзөмөлдөгөн дарыгерлерден тышкары психологдор да жок экендигин баса белгилеп кетмекчимин. 

“Спорттун арасынан эӊ татаалы-бул грек-рим күрөшү” 

--Мен өзүм шакирттеримден күчтүү режимден тышкары бекем тартипти талап кыламын. Спортту тандап алган шакирттерибизди Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, эл-журтунун намысын коргой турган мекенчил инсан катары колубуздан келишинче тарбиялап жатабыз. Спорттун арасынан эӊ татаалы-бул грек-рим күрөшү болуп эсептелет. Бул күрөш бүткүл дүйнөдөгү федерациялар боюнча көйгөйлүү маселе экендигин эсиӊиздерге салып кетмекчимин. Андыктан биз баш байгени ала турган дүйнөнүн чемпионун чыгаруу үчүн тынымсыз эмгектенишибиз зарыл. Ошон үчүн спортчуларыбызга: “Чет өлкөдөгү спортчулар ичкен витаминдерге кызыкпагыла. Анткени силер кыргызсыӊар. Биздин өзүбүздүн экологиялык жактан таза суусундуктарыбыз бар” - деп дайыма айтып турабыз. 

Булак: Нурислам  КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg                            

Последние новости