www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат жана саясатчы Бактыбек Калмаматов 22-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда эки жумалык кичи ажылык зыяратка баратканда чек арачылар ага «өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин» айтышканын билдирген.
Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз беришкен. Калмаматов УКМКда сегиз сааттан ашык сурак берип, андан соң камакка алынды.
Адвокаты Айым Камчыбекова билдиргендей, УКМК экс-депутатка «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен айып таккан. Ошол күнү кечинде УКМКнын кызматкерлери Калмаматовдун үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн.
- Бактыбек Калмаматовдун камалышын кандай баалайсыз? Саясий куугунтуктун курмандыгы болгон жокпу?
- Бактыбектин кармалышы мыйзамсыз. Бийликтин укуктук нормаларды так аткаруудан атайын баш тартып, өзүм билем, мен мыйзаммын деген иш аракети. Бакытты кемсинтип, кордоп, көрдүңбү эмне болосуң бизди сындаганда дегени.
Ошону менен калган саясатчыларга, бийликтин кемчилигин айткандарга жана сындагандарга көрдүңөрбү, ушундай болосуңар деген ишараты. Алардын коркуу сезимин пайда кылуу.
Калмаматов саясий куугунтуктун курмандыгынын туу чокусу десем жанылышпайм, себеби аны мыйзамсыз кармаганы аз келгенсип 15 саат суракка алышып, уктатпай, дем алууга убакыт бербей, тамак бербей, психологиялык кыйноого (пыткага) дуушар кылышты.
Булак: Жаңы Ордо гезитит