www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыкчам штаб: ПЧР тесттерди текшерүү күчөтүлөт

Бул тууралуу 23-декабрда Коронавируска каршы ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.

"Оmicron"-штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүдө ПЦР маалымдамаларынын аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүү тууралуу сөз болду.

Ошондой эле кары-картаңдарды жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби 2 788ге жетти.

Ооруну жуктуруп алган 184 356 адам катталды. Анын 179 442си айыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости