www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупциянын тамыры Акматта же Ташматта эмес, биздеги түзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасында. Азыркы система, коррупциянын өнүгүшүнө, гүлдөшүнө ыңгайлаштырылып түзүлгөн. Мындай пикирин генерал Исмаил Исаков NazarNews маалымат агенттине берген маегинде билдирди.

--Исмаил Исакович, Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганы коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. №61 мектептин директору чын эле коррупцияны гүлдөткөнү үчүн кармалдыбы?

--"Жаңылыктардан мен дагы окудум, ал тургай далил катары чыгарган видеону дагы көрдүм. Азыр бир тараптуу айтуу туура болбой калат. Анын үстүнө ал шектүү катары кармалды. Анын коррупционер же таза жетекчи экендигин соттон кийин гана айтсак болот. Албетте, Юрий Низовскийдин кызматтык абалынан пайдаланып, балдарды окууга киргизип жатканда ата-энелеринен акча алганы чын болсо, экинчи мектепке эле эмес башка мамлекеттик кызматка такыр иштебегендей кылышыбыз керек. Бул бир.

Экинчиси ушуга окшогондорду, мыйзам чегинде кармап, ачыкка чыгарган укук коргоо органдарынын кызматчыларына ыраазычылык билдирип, алкыш айтып, аларды колдоого алышыбыз абзел. Азамат! Аларга алкыш!

Эми конкреттүү суроого токтолсом, бул жерде коррупция мектептерге эле эмес, мамлекеттин бардык тармактарына жайылганын биз эле эмес, эл аралык эксперттер дагы айтып жатышат. Ал эми күрөш чыныгы коррупционерлерге каршы эмес, кызматтан кеткиси келбеген директорлорго, каяша айткан кызматчыларга, бийликке сын айтып, алардын катачылыктарын далил менен айткан журналисттерге, блогерлерге, саясатчыларга жана башкаларынын бардыгына жүрүп жатканы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Анын тамыры Акматта же Ташматта эмес, биздеги түзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасында. Азыркы система, коррупциянын өнүгүшүнө, гүлдөшүнө жол ачып, бийликке сын айткандардын бардыгына каалагандай ыкмаларды колдонуу менен "илибоюн" коррупционер же кылмышкер кылып коюуга ыңгайлаштырылып түзүлгөн. Президент кандай жакшы аракеттерди кылбасын, азыркы система аны жокко чыгарып койот.

Сөзүм куру болбос үчүн, мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча ушул Юрий Низовскийдин мисалында карап көрөлү. Биринчи, анын кабинетине видео коюуга, аны угууга соттун чечими болгонбу? Кайсы сот, качан эмненин негизинде чечим чыгарып берди? Ким, качан арызданып, ал ЕРППга кайсы номуру менен катталды? Же өздөрү эле түнү коюп коюштубу?

Экинчиси, өзү коррупция деген беренени колдонуу мыйзамдуубу же анын иш-аракети паракорлукпу? Кылмыш Жаза Кодексинин (КЖК) 336- беренесинде "Коррупция-материалдык ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул байлыктарды жана артыкчылыктарды берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым жактар же топтор менен укукка жат туруктуу байланыш түзө турган атайлап жасалган аракеттер". Низовский кимдер менен же кайсы топтор менен туруктуу байланыш түзгөн? Же түзбөй эле өзү бергендерин ала бергенби? Эгерде алса, баланын атасы же апасы берди да. Алар келишти, суранышты, беришти тиги акчаны алды …

Үчүнчүсү, ар нерсенин эки жагы бар дегендей, бул маселенин ошондой оркойгон экинчи жагы бар. Тагыраак айтканда, акча бергендер. Ал алса ага бирөөлөр берди да, же андай эмеспи? Аны менен кошуп 20-30дай акча берген ата-энелерин кармап, анын жанына кошуп отургузуш керек болчу. Ал акчаны өзүнүн көлөкөсүнөн алган жок да. Ошондо коомдун ишеними күчөмөк. КЖК 345- беренеси «Пара берүү» бул дагы пара алганга тете кылмыш. Мыйзамсыз акча алганды кармап, мыйзамсыз акча бергендерди кармабаса, «күрөш» деп айтууга болобу? Албетте, болбойт. Муну укук коргоо органдары тарабынан атайлап «подстава аркылуу» аны ээрден түшүрүү аракети дегенге негиз болуп калат. Бул дагы кылмыш.

Биз башкаруу системасы туура жана мыйзамды ыйык сактаган өлкө курмайын мындай көрүнүштөр боло берет. Анын ордуна ким келбесин системанын курмандыгы боло берет да, коррупция  гүлдөйт. Коррупционерлер орден медалдарды алышат, ал эми коррупцияга аралашпай бийликтин «суранычын» аткарбай каяша жана аларга сын-пикир айткандар куугунтукталып, керек болсо коррупция менен кармала берет. Ошондуктан, «кеңешип кескен бармак оорубайт» дегендей мамлекеттин келечеги үчүн президентти жана коомду чакырып кетет элем. Келгиле, ынтымакта, бир муштумдай болуп биригип, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталган мамлекеттик башкаруу системасын жана көз карандысыз сот системасын түзүүгө аракет кылалы", - деп билдири Исмаил Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости