www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Исмаил Исакович кече Президент элге кайрылып бардык маселелер укуктук аянтта болушун баса белгилеп, С.Жапаровдун шайланышы боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кайра артка кайтарды. Бул боюнча сиздин пикириңизди билсек дегенбиз.

--Бул жерде биздин легитимдүү Президент дагы бир жолу ѳзүнүн сабырдуулугу менен ар кандай маселени жети ѳлчѳп, бир кесип чечим кабыл аларын далилдеп, болуп жаткан окуяларга реалдуу баа берип, Жогорку Кеңештин мыйзамсыз токтомун артка жѳнѳткѳнү биринчиден, укуктук баш аламандыкка жол бербей Жогорку Кеңештин депутаттарын укуктук нормалардын алкагында чечим кабыл алууга мажбур кылды. Экинчиден, Жогорку Кеңештин ичиндеги келишпестике, депутаттарга болгон ар кандай ички, тышкы кысымдарга бѳгѳт коюп, алардын эркин иштешине шарт түздү. Депутаттар анын алкагында ѳздѳрүнүн тѳрагасын шайлашып мыйзам аянтына түшүштү.  Үчүнчүдѳн Садыр Жапаровдун мыйзам алкагында укуктук бардык нормаларды сактоо менен кайрадан шайланып келишине болгон мүмкүнчүлүктѳрүн жумшап ага укуктук жол ачып берди. Тѳртүнчүдѳн, дүйнѳлүк уюмдарга, коомдордун алдында Кыргызстанды, кыргыз элин шермендичиликтен сактап калды. Ойлоп кѳрсѳң Жогорку Кеңештин мыйзамсыз токтомуна кол койсо эл аралык коомго шерменде болот элек. Башка кесепеттерин айтпаганда да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости