www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кp.ru сайтынын маалыматы боюнча, Италиянын Кастильон-Фьорентино шаары табышмактуу өлүмдөрдүн толкунуна кабылды.
2026-жылдын алгачкы он күнүндө 14 адам күтүүсүздөн каза болду. Алардын көбүндө сасык тумоого окшош белгилер болгон. Коңшу муниципалитеттерде да ушундай учурлар катталган.
Ареццо (Тоскана) провинциясында калкы болгону 12 миң адамга жакын Кастильон-Фьорентино шаарында кырдаал жакшы эмес. Каза болгондор ар кандай курактагы адамдар.
Мэр Марио Аньеллинин айтымында, мындай COVID-19 пандемиясы учурунда да болгон эмес.
— Мүрзөлөр биринин артынан бири казылып жатат. Каза болгондордун айрымдарында сасык тумоого окшош белгилер болгон. Бир нечеси илдетке кабылгандан бир нече күн өткөндөн кийин каза болушкан. Мен кандайдыр бир инфекция менен байланышы жөнүндө божомолдогум келбейт. Бул теорияны колдогон эч кандай далилим жок. Мен саламаттыкты сактоо органдарынан жооп күтүп жатам, - дейт ал.
Мэрдин маалыматы боюнча, бул кооптуу абал Кастильон-Фьорентино гана тиешелүү эмес экенин баса белгиледи.
— Ареццонун башкы ооруканасындагы Сан-Донато өлүкканасында акыркы күндөрү коштошуу үчүн 17 бөлмө даярдалышы керек болду. Бул аномалдуу кырдаалды көрсөтүп турат. Бирок анын себептерин тез арада иликтеп чыгуу керек, - деди мэр.
Жергиликтүү бийликтен азырынча эч кандай комментарий боло элек. Аймактык саламаттыкты сактоо кызматынын дарыгерлери бүгүн Кастильон-Фьорентиного иликтөө жүргүзүү үчүн келиши күтүлүүдө.