www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиянын түндүгүндө 70 жаштагы аялдын жансыз денеси өлгөндөн эки жылдан кийин өз үйүндө табылды. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде жансыз дене Маринелла Беретта атуу жаран болгондугу аныкталды. Ал Ломбардия облусундагы Комо көлүнүн жанында жалгыз жашачу. Комо шаарынын мэриясынын басма сөз кызматкери Франческа Манфрединин жергилүктүү ЖМК өкүлдөрүнө билдирген маалыматта, аялдын чирип калган сөөгү Комодогу өрт өчүрүү кызматы анын бакчасында өскөн дарак кулап кеткен деген даттануулардан кийин табылган деп айтылат.
"SkyTg24" телеканалындагы кабарга караганда, Береттанын сөөгү 2 жылдан кийин конок бөлмөсүндөгү отургучта отурган жеринен табылган.
Манфреди "CNN" телеканалына Береттанын өлүмүнүн себеби белгисиз экенин жана тергөөчү анын 2019-жылдын аягында каза болгонун аныктаганын айтты.
Комо муниципалитети аялдын жакындары бар-жогун иликтей баштады жана Манфреди Береттанын сөөгү өлүкканада сакталганын жана көмүү күнү азырынча аныктала электигин түшүндүрдү.
Булак: NazarNews.kg