www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиялык журналист жана саясий баяндамачы Франко Батталья Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп, Орусиянын Украинадагы аракеттерин негиздүү деп атады. Ал өз позициясын Никола Порро порталынын баракчаларында түшүндүрдү.

Ал НАТОнун Москвадан 600 километр алыстыктагы ракеталары Орусия үчүн ачык коркунуч экенине көңүл бурду. Ал эми бир айлык атайын операциядан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина альянска кире албасын түшүнгөнүн жарыялады.

Буга байланыштуу Путин келечектеги дүйнөлүк жаңжалдын алдын алдыбы деген суроо туулат. «Эгер мени дубалга жабыштырып, тандоого мажбурлашса, мен сага айтам: мен Путин мененмин», - деп жыйынтыктады журналист.

6-апрелде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүдө коюлган шарттарга макул болушуна кызыкдар экенин, атайын операциянын бүтүшү алардан көз каранды экенин билдирди.

Анын айтымында, орусиялык күчтөрдүн Киев аймагынан чыгып кетиши жакшы ниеттин ишараты болгон. Ошентип, Орусия украин тарап менен сүйлөшүүлөрдө олуттуураак чечимдерди кабыл алууга шарт түзүүгө аракет кылды.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости