www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында 6-22-февраль аралыгында өтө турган 25-кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан эки спортчу катышары билгилүү болду. Тактап айтканда, 19 жаштагы Тимур Шакиров тоо лыжасы, Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча ат салышат.

Улуттук олимпиадалык комитетинде спортчуларды олимпиада оюндарына узатуу иш-чарасы өтүп, анда Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Артур Сапарбековго мамлекеттик тууну тапшырды.

Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.

Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.

Последние новости