www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев тергөө кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата тармакта үзүрлүү эмгектенип келе жаткан алдыңкы кызматкерлерди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууга төраганын орун басары Болот Ибрагимов менен Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков катышты.

Төрага мамлекеттеги мыйзамдуулукту камсыз кылууда, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле адилеттикти орнотууда ички иштер органдарында, айрыкча тергөө кызматында эмгектенген инсандардын салымы чоң экенин белгиледи. Андан соң кызматкерлерге Жогорку Кеңештин атынан Ардак грамота жана ыраазычылык каттарын тапшырып, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Алсак, сыйлык алгандардын катарында итке таланган алты жаштагы баланын өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөткөн милициянын капитаны Тимурлан Кулназаров да бар. Төрага аталган инсандын жасаган ишине ыраазычылыгын билдирип, мындай каармандыгы менен айырмаланган кызматкерлер көпчүлүккө үлгү экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин, 2-апрелде Бишкек шаарында иттер 6 жашар баланы талап кетип, натыйжада бала оор жаракат алганы кабарланган.

Последние новости