www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди сыйлыктарынан жана наамдарынан ажырата албайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда «Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев  Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, адамды сыйлыктардан, наамдардан жана артыкчылыктардан ажыратуу соттун чечими менен гана жүргүзүлүшү керек.

«Бул үчүн сыйлыктарга ээ болгон адам биринчи кезекте жоопко тартылып, кандайдыр бир кылмыш үчүн соттолушу керек. Күнөөлүү деп өкүм чыгышы керек жана кошумча жаза катары сыйлыктардан жана наамдардан ажыратуу соттун чечими менен гана жүргүзүлөт», - деди ал.

«Менин көз карашым боюнча маданият министринин субъективдүү чечими сотко даттанылышы мүмкүн жана керек, анткени ал өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан. Адеп-ахлак жана этика маселелери өтө татаал, аларды бир адам же ведомство чече албайт. «Маданият министрлиги» деген аталышка мындай чечимдерди кабыл алууга укук берилбейт», - деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости