www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдагы июнь окуясы боюнча ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн 5 мүчөсүнө айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта «АКИpress» агенттигине Бектур Асанов билдирди.
Анын айтымында, тергөө соңуна чыгып, материалдар Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилди. Алдын ала угуу 15-августка дайындалды. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бактыбек Алымбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асановго айып тагылды.
Асановдун айтымында, тергөө учурунда ага жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотуу жөнүндө арыз жазууну сунушташкан. Бирок ал баш тартып, сотто күнөөсү жок экенин далилдей турганын билдирген.
2010-жылы Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары болчу. Ал эми Исмаил Исаков коргоо министринин, Бакытбек Алымбеков ички иштер министринин милдетин аткарышкан.
Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору, Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын жетекчиси болчу.
Булак: NazarNews.kg