www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июндан тарта шенген визасы 12% кымбаттайт

Кийинки айдан тарта кыска мөөнөттүү шенген визасын алуу үчүн төлөнө турган сумма жогорулайт. Бул тууралуу Словениянын Чет өлкөлүк жана европалык иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы эреже дүйнө жүзү боюнча 11-июндан тарта иштей баштайт. Ага ылайык, чоңдор үчүн шенген визасынын баасы 90 еврону, 12 жашка чейинки балдар үчүн 45 еврону түзүп калат. Алты жашка чейинки балдар үчүн буга чейинкидей эле төлөм алынбайт.

Бүгүнкү күндө чоңдор үчүн консулдук төлөм 80 еврону, алты жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 40 еврону түзөт.

Европа комиссиясы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү инфляцияга жана мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлыгына жараша ар үч жыл сайын шенген визасынын баасына өзгөртүүлөрдү киргизип турат. Учурда Шенген аймагына 27 мамлекет кирет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости