www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Аймактагы абалдар талкууланган телефондогу сүйлөшүүдө Абдуррахман Израилдин кол салышын айыптап, муну Ирандын эгемендигинин жана эл аралык укуктун бузулушу катары көргөндөрүн белгиледи.
Бахрейндин Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Израилдин Иранга кол салуусу айыпталды.
Билдирүүдө Жакынкы Чыгышта чыңалуунун жана аскердик операциялардын уланып жатканына терең тынчсыздануу билдирилип, Газа тилкесинде жана Ливанда ок атышууну тез арада токтотуу зарылчылыгы баса белгиленди. Эл аралык коомчулукка токтоосуз, кеңири жана туруктуу ок атышпоо үчүн аймактагы жоопкерчиликтерин алууга чакырык жасалды.
Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги да Иранга жасалган кол салууну “эл аралык укуктун бузулушу, эгемендиктин бузулушу жана аймактагы чыңалууну дагы да күчөткөн кадам” катары баалады.
Палестинанын Тышкы иштер министрлиги да эл аралык коомчулукту курчуп бараткан чыңалууну токтотууга чакырды.
Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин баш катчысы Жассим Мохаммед аль-Будейви да кол салуу Ирандын эгемендигин бузуу экенин белгиледи.
Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Иран менен тилектештикте экени белгиленди.
Исламий Жихад тарабынан жасалган билдирүүдө кол салуу «араб жана ислам өлкөлөрүнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч» катары бааланды.
Йемендеги хуситтер: «Израилдин Иранга кол салышы, аймактын элине жана эл аралык тынчтыкка каршы сионисттердин оолугуусунун уландысы»,-деп билдирүү жасады.
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги да Израилдин чек ара бузууларын, адамзатка каршы кылмыштарын жана эл аралык мыйзамдарга жана универсалдуу нормаларга каршы келген бардык аракеттерин айыптай турганын билдирди.
Япония менен Индия да Израилдин Иранга кол салуусуна тынчсыздануусун билдиришти.
Канкор Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Мешру Бейт Лахья шаарына кол салуусунан 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды. Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAдагы кабарга караганда, Израиль армиясына таандык согуштук учактар түн ортосунда Мешру Бейт Лахья шаарында качкын үй-бүлөнүн үйүн бомбалаган. Кол салууда 10 кишинин каза болгондугу, көп сандаган кишинин жараланганы жана дайынсыз жоголгону белгиленди.
Бир тараптан окуяга күбө болгондордон алынган маалыматка караганда Израиль армиясы Газанын борбордук бөлүктөрүндөгү Нусайрат качкындар лагеринин түндүк батышындагы аймактарга артиллериялык чабуул жасады. Күбөлөрдүн айтымында, Израиль аскерлери түштүктөгү Рафах шаарынын батышындагы кээ бир жерлерди артиллериялык октор менен аткылашкан.
Израиль армиясына таандык согуштук учактар Ливандын Набатия провинциясынын Меркауюн районунун Жедиде Меркауюн шаарчасына түн ичинде эки жолу абадан кол салды.
Кол салууда 6 киши каза болуп, 1 киши жаралангандыгын трт.нет билдирди.