www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Дамаска сокку урду

Израил Сириянын борбору Дамасктын жанындагы бир катар буталарга сокку урду. Бул тууралуу Сириянын SANA маалымат агенттиги аскерий булактарга таянуу менен билдирди.
Ракеталар Голан дөңсөөлөрүнөн жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:10до атылган.

"Чабуулдардын натыйжасында материалдык зыян келтирилди, абадан коргонуу системалары душмандын бир катар ракеталарын атып түшүрдү", — деп айтылат маалыматта.

Израилдин бийликтери кол салуу тууралуу кабарларга комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 17-мартта социалдык тармактарда Израилдин аба күчтөрү Каламон аймагындагы бир нече бутага сокку ургандыгы тууралуу маалымат тараган.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2011-жылдын мартында Сирияда ички жаңжал башталгандан бери Израил Иран колдогон топторго жана Сирия армиясынын аскерий буталарына мезгил-мезгили менен чабуул жасап келет. Сирия армиясы жана Иран колдогон топтордон тышкары Дамаск жана анын айланасында ливандык Хезболла кыймылынын согушкерлери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости